Өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмеси өтөт

24-Янв. 2018, Шаршемби, 10:12

Кечээ, 23-январда премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкмөт башчы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында жакынкы арада Бишкек шаарында кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи кеңешмесин өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Грузиянын премьер-министри эки өлкөнүн соода-экономикалык жүгүртүүнү, маданият аралык байланышты кеңейтүүдө чоң мүмкүндүктөрү бардыгын, ошондой эле КР Өкмөтүнүн реформа өткөрүү, анын ичинде санариптик трансформация жүргүзүү жаатындагы күч-аракетин белгиледи.

Буга катар эки өлкөнүн маданият аралык катнашын жөнгө салуу максатында Сапар Исаков Георгий Квирикашвилини жана Грузиянын спорттук делегациясын 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!