Товардык кампалар талкууга алынды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:31

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. 2-окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев алып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоору айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен иш жүргүзгөн ишкерлерге мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган жаңы финансылык инструментти киргизүү, адистешкен товардык кампанын ээси тарабынан берилүүчү кампа күбөлүктөрүн колдонуу аркылуу кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Талкуу учурунда Экономика министри Артем Новиков бүгүнкү күндө дыйкандар өндүргөн айыл чарба өнүмдөрүн дароо сатууга мажбур болуп жатканын, андыктан сунушталган мыйзам долбоору менен кампалар боюнча укуктук шарттарды түзүп, өндүргөн өнүмдөрүн сактап, баасы чыкканда сатуусуна көмөктөшө тургандыгын белгиледи.

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков мыйзам долбоору бир гана дыйкандардын өнүмдөрүнө багытталып жарым-жартылай болуп калгандыгын, маселен, үй тиричилик техникаларын алып келип саткандарга дагы ушундай шарт түзсө болоорун айтып, КР Өкмөтүн мыйзам долбооорун толуктап иштеп чыгууга чакырды.

Ошондой эле депутат Махабат Мавлянова жогорудагыдай жагдайларга коммерциялык банктар насыя берүүгө даяр экендигин тактап, мыйзам долбоору учурдан талабы деп баалап, кесиптештерин колдоого чакырды. Андан сырткары депутат Аалы Карашев сунушталган мыйзам долбоорун Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунда айыл чарба өнүмдөрүн сыртка чыгарууга болгон дагы бир кадам катары баалап, жаңы демилге катары мыйзам долбоорун колдоого үндөдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!