Балдар үчүн чыккан журналдар реформаланат

24-Янв. 2018, Шаршемби, 16:31

Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Байчечекей”, “Кырчын” журналдары жана “Жеткинчек” гезиттеринин жетекчилери менен Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгул Норузбаева жолугушту. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бактыгул Норузбаева балдар жана өспүрүмдөр үчүн жарык көрүп жаткан журналдардын башкы редакторлору менен жолугушту.

Жолугушууда алдыңкы күндөрдө мамлекеттик басма сөз каражаттарын реформалоо жүргүзүлө тургандыгын белгилөө менен, бүгүнкү күндөгу балдар бюасылмаларынын ал – абалдары менен таанышты. Жыйындын алкагында, “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов учурда балдар басылмаларынын окурмандары көбүнчө аймактарда экендигин белгилеп, учурда жаш балдардын аң-сезимине таалим тарбия берүү, алардын кругозорун байытуу максатында чыгып жаткандыгын маалымдап, мамлекет тарабынан колдоого муктаж экендигин маалымдады. Ошону менен бирге, замандын талабына жараша, маалымат чөйрөсүнүн өзгөрүүлөрүнө туура көз караш менен кабыл алаарын билдиришип, редакторлордун ой- максатын эске алып, чукул арада реформалоого карата сунуш берээрин маалымдашты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекет тарабынан каржыланып жаткан эки журнал бир гезит редакциясы бар. Алар “Байчечекей” жана “Кырчын” журналдары жана “Жеткинчек” гезити. Учурда журналдардын тираждары 3000 – 8000 чийин болсо, “Жеткинчек” гезитинин тиражы 1200 түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!