Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди

25-Янв. 2018, Бейшемби, 10:32

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Абдыбек Дүйшалиев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Абдыбек Дюшалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, жаңы депутат болуп келген Дүйшалиев өз кааласу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Өмүрбек Бабановдун ордуна келди. Ага кечээ, 24-январда БШК мандат берген.

56 жаштагы Дүйшалиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаменти сындуу жооптуу кызматтарда иштеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!