“Эскерүү коңгуроосу” иш-чарасы өткөрүлөт

26-Янв. 2018, Жума, 13:23

Бүгүн, 26-январда президенти Сооронбай Жээнбеков «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмдун төрайымы Анна Кутанова жана бул уюмдун мүчөсү Шамиль Мухамеджанов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Ленинградды коргоо Улуу Ата Мекендик согуш тарыхынын эң баатырдык барактарынан экенин белгиледи. «Блокадачылар дүйнөгө каармандыктын, кайраттуулуктун жана баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү. Адамдын рухунун майтарылбастыгын жана ар намыстын күчүн көрсөтө алышты. Жигердүү коомдук ишмердигиңиздер үчүн биз сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Биз дайыма сиздерди колдоого даярбыз”, - деп белгиледи Жээнбеков.

«Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» төрайымы Анна Кутанова Президентке өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Ал эми Шамиль Мухамеджанов бала чагында Ленинграддын блокадасында болгонун, Ысык-Көл областында балдар үйүндө тарбияланганын, өз өлкөсү үчүн эмгектенип келгенин айтты.

Эскертке кетсек, бүгүн, 26-январда Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулгандыгынын 74 жылдыгына арналган “Эскерүү коңгуроосу” иш-чарасы өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!