Электр энергиясынын тарифи жогорулабайт

31-Янв. 2018, Шаршемби, 13:24

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралып жатканда премьер-министр Сапар Исаков электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу маселеси азырынча козголбойт, бул маселе талкууланышы керектигин билдирди.

“Мага тарифтерди жогорулатпоо керектигин айтып жатышат. Чындыгында тарифтер бул абдан чоң көйгөй. Жылуулук жана электр энергиясын берүү маселесин талкуулаш керек. Мен жогорулатабыз деген жокмун, бирок чечүү керек”,-деди Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!