ТЭЦ боюнча бир адам гана арыз жазган

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:07

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча кызматтан кетүү боюнча бир гана адам арыз жазганын билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган.

“Мага бир киши келип, азырын берди. Бирок, мен ал арызды кабыл алган жокмун. Себеби, мен аны жактагымда келбейт. Бирок, мен көрүп жатам, анын аракети болуп жатат. Ал күйүп-бышып күнү-түнү уктабай иштеп жүрөт. Албетте, анын да күнөөсү бар ачыгын айтайын”,-деди Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!