Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанга учуп кетти

1-Фев. 2018, Бейшемби, 15:15

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда расмий сапар менен Тажикстанга учуп кетти.

Эки күндүк сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушуулары болжолдонгон расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзаде жана Тажикстан Оли Маджлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат.

Делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, экономика министри Артем Новиков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов кирген.

Андын сырткары Сооронбай Жээнбековду президентти президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов, президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаты, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитеттин мүчөсү Сайдолимжон Джураев, Жогорку Кеңештин депутаты, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү Комитетинин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов коштоп жүрөт.

- .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!