Туристтик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 16:33

Жалал-Абад шаарында туристтик объекттердин инфраструктурасы жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды. Анын натыйжасында 2016-жылы шаарга 16 миң 626 турист келген, ал эми өткөн жылы келген туристтердин саны 18 миң 956га жетти, турист келип, өсүү 114 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ошого жараша шаарда жайгашкан мейманканалардан 2016-жылы бюджетке 12 миллион 946,5 миң сом чегерилген болсо, өткөн жылы 15 миллион 175,1 миң сом чегерилип, салыштырмалуу өсүү темпинин көлөмү 117,2 пайызды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!