Кыргызстанды санариптештирүү талкууланды

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:04

Премьер-министр Сапар Исаков Алмата шаарында санариптик трансформация жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттер жана Дүйнөлүк Банк өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жолугушууга «Gatrner» башкаруучу вице-президенти Андреа Ди Майо, Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси, «Digital -5» координатору Лиам Максвелл, Дүйнөлүк Банктын ИТ жана электроника багытынын жетекчиси Данил Керими, Дүйнөлүк Банктын аймактык директору, Борбор Азиядагы, Азербайжан жана Монголиядагы IDC аймактык директору Андрей Беклемишев, Дүйнөлүк Банктын санариптик стратегия боюнча глобалдык лидери Рандип Судан катышты.

Өкмөт башчы «Таза Коом» программасын ишке ашыруунун негизги баскычтары жана өлкөнү санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары жана пландары тууралуу айтып берди.

«Бизде санариптештирүүнүн көмөгү аркылуу Кыргызстандын бардык тармагында чоң өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жакшы мүмкүндүк бар. Дүйнө жүзү өнүгүү максаттарына жаңы технологиялар аркылуу жетишүүдө. Алар билим алууга жана маалыматка жеткиликтүүлүктү ыкчамдатат жана жеңилдетет. Биздин мамлекет чоң эмес, сапаттуу билим берүү, жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү Кыргызстандын алга жылуусуна чоң түрткү берет», – деп белгиледи Исаков.

Рандип Судан белгилегендей, республикада ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» программасы жана анын максаттары жакшы таасир калтырат.

«Бул өлкө Өкмөтү тараптан жасалган жакшы демилге. Эми «Таза Коом» алкагындагы бардык долбоорлорго инновациялык чечимдерди табуу зарыл. Кыргызстан ири IT компаниялар үчүн инновациялык чечимдерин ишке ашырууда натыйжалуу платформа болуусу керек», – деди эксперт.

Андрей Беклемишевдин айтымында, IDC компаниясы мыкты дүйнөлүк тажыйбалар менен бөлүшүүгө жана маалыматтык технологиялар жаатында зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр.

Өз кезегинде Лиам Максвелл кошумчалагандай, санариптештирүү так экономикалык натыйжа берет жана мамлекетик башкаруунун жана жалпы коомдун ачык-айкындуулугуна чоң салым кошуу менен калктын бийликке карата ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

«Кыргызстан жыйынтыкка багыт алуу менен ыраттуу кадамдар аркылуу прогресске жетишүүсү керек», – деп эсептейт Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык, санариптештирүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жана аталган тармактагы башка маанилүү багыттар, бажы жана салык тармактарындагы реформаларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар IT технологиялар боюнча компетенциялык борборлорду уюштуруу келечеги, мамлекеттик башкаруу, санариптик трансформациядагы бизнестин ролу жана жаңы рынокторду түзүү маселелерин көтөрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!