Сүйүнчү пул алуунун жолу жеңилдеди

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:24

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулду берүү жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган чечим бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө процедурасын жеңилдетүү максатында кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Өкмөтүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «КРнын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

-Кыргызстандын аймагында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулган маалыматтык күркөлөрдүн кызматкерлери тарабынан бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын тиркемеге ылайык форма боюнча арыздарын каттоо боюнча функцияларды аткаруу жана андан ары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Аны менен катар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө долбоордун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоор оң жыйынтык берген учурда Өкмөткө бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду туруктуу негизде чектөө жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды киргизип туруусу зарыл.

Төмөнкү пилоттук 2018-жылдын 5-февралынан тартып 2018-жылдын 30-апрелине чейин жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда бир жолку жөлөкпулду чектөөгө арыздарды кабыл алуу жана каттоо өлкө аймагында гана ишке ашат, жөлөкпулду Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана чектелет.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Өкмөткө караштуу ММКнын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!