​Жээнбеков: “Тоо-кен башкы бюджет жаратуучу сектор”

7-Фев. 2018, Шаршемби, 18:31

Бүгүн, 7-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн өнөр жай, энергетикалык тармактагы учурдагы абал жана аларды өнүктүрүү келечектери талкууланды.Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Президент тоо-кен тармагынын өлкөнүн экономикалык турмушундагы маанисин белгиледи.

“Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу сектору болуп саналат, калкты жумуш орундары менен камсыздайт. Тоо-кен өнөр жайынан келип жаткан акча каражаттары социалдык секторду каржылоого, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жумшалат”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. Ал тоо-кен компанияларынын ишмердигине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керектигин билдирди.

Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык конкурс жана аукцион өткөрүү жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарууга болоорун белгиледи.

«Тоо-кен өндүрүү тармагы кичи шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле жер-жерлерде эмгек ресурстарын бекемдөөгө көмөк болушу керек», - деп белгиледи Жээнбеков.

Бул тармактагы инвестициялык саясат жөнүндө айтып жатып, Президент инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү жана коюлган милдетти алар тарабынан так аткарылышын көзөмөлдөөнүн маанисин белгиледи.

«Кен иштетүүчү компания экологиялык коопсуздук нормаларын сактап жатабы, же жокпу – муну адис-экологдор гана так аныктай алат. Бул маселени саясатташтырып кереги жок, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. - Кен иштетүүчү компаниянын ишмердиги республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек».

Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитетине компаниянын аймагындагы айлана-чөйрөгө көз салуу үчүн жергиликтүү калктын өкүлдөрүн тартуу, объекттерге көбүрөөк чыгуу, компаниялардын ишмердигин тыкыр изилдөө жана жергиликтүү калк менен тыгыз иштөөнү сунуштады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов геологиялык изилдөө иштерин кеңейтүүнүн келечеги, өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө укук алуу үчүн ачык аукцион жана конкурстарды өткөрүү жана лицензиялоо жөнүндө айтып берди.

Ал Президенттин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын негизги максаттарына шайкеш келген 2018-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча Программасы иштелип чыгып жатканын билдирди.

Аталган комитетин төрагасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 9 алтын кени иштетилип жатат, дагы 5ти ишке киргизүү пландалууда.

Сооронбай Жээнбеков жаңы өнөр жай объектилерди ишке киргизүүнү аймактарда ылдамдатып, дүйнөлүк экономикалык коомчулукка интеграция болуу үчүн санарип технологияларга өтүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!