Жээнбеков мамлекеттик структураларды сындады

8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:19

Бүгүн, 8-февралда өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына арналган Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик структураларды сынга алды.

Ал өз сөзүндө коррупциянын деңгээлин иликтеген “Трансперенси интернешнал” эл аралык уюмдун рейтингинде Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 146-орунда экендигин белгиледи.

“Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда. Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатышат”-деди Жээнбеков.

“Ошондой эле бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик органдар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!