​Бишкекте жыйынга даярдыктар жүрүүдө

9-Фев. 2018, Жума, 11:59

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңеште Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даярдыктар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болду. Иш-чара Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги астында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык. жыйынга Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин, Аппарат бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Өкмөтүн тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Тажимамат Шаболотов ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башында Жогорку Кеңеш турарын, ал тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Ошону менен катар бул олуттуу иш-чараны өткөрүүдө уюштуруу, каржылоо, коопсуздук маселелери жогорку деңгээлде болушу керектигин айтып, жумушчу топко кирген ведомстволордун өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны 2018-жылдын 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкекте өткөрүү пландалган. Ага 57 өлкөнүн өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!