​Сапар Исаков Дмитрий Медведевге көңүл айтты

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:11

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жүргүнчүлөр учагынын кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз:

«Россия Федерациясынын Москва областынын аймагында 2018-жылдын 11-февралында болгон «Саратов авиалиниялары» авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунун натыйжасындагы көптөгөн адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат телеграммада.

Премьер-министр Сапар Исаков курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну жеткирип коюуну өтүндү.

Эскерте кетсек, Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 учагы эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеде кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана 6 экипаждын мүчөлөрү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!