Кыргыз кийимдеринин көргөзмөсү Парижде

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:48

Кыргыз кийим тигүүчү ишканалар экинчи ирет Парижде 11-февралдан 14-февралга чейин өтө турган тигүү өнөр жайында камсыздоочуларды табууга багытталган ири көргөзмөдө катышууда. Бул тууралуу USAIDтин Бизнести өнүктүрүү долбоорунан билдиришти.

Өткөн жылдын сентябрь айында алгачкы жолу иш-чарага катышкан кыргызстандык ишканалардын жетекчилери Европалык буюртмачылар менен келишим түзүү үчүн кандай шарттарды аткарыш керек экенин үйрөнүп, бул жолкусунда эл аралык талаптарга даярдык менен келишип, алгачкы буюртмаларды алуу максатында көбүрөөк келишимдерге жетүүнү көздөшүүдө.

Иш-чарага Кыргызстандык ишканалар Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси долбоорунун колдоосу менен катышууда.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!