Исаков Баткенге жумушчу сапар менен барат

13-Фев. 2018, Шейшемби, 13:25

Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө премьер-министр Өкмөттүн аймактагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Андан тышкары, өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!