Талас облусу жаш кыздарды ала качууда алдыда

14-Фев. 2018, Шаршемби, 15:25

Кыргызстанда жаш кыздарды ала качуу боюнча Талас облусу лидерлик кылса, кийинки орунда Ысык-Көл облусу, андан кийинки орунда Нарын облусу турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, жашы жете элек кыздарды турмушка берүү маселеси бүгүн да токтобой жатат. Бул багытта жетиштүү чараларды бийлик көрбөй келет.

«Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек 5 кыз турмушка чыккан. Кара-Суу районунда жашы жете элек кош бойлуу 12 кыз каттоого алынган. Мындан улам өз жанын кыйган фактылар катталууда. Бир ай ичинде 2 окуучу кыз турмушка чыккан», - дейт Карамушкина.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!