​Жогорку Кеңештин төрагасы Валентина Шевченкону сыйлады

16-Фев. 2018, Жума, 17:52

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мушкердик өнөрдөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн бокс, дзюдо жана тай боксу боюнча спорт чебери Валентина Шевченкону энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Спортчу айым күчөтүлгөн тартипте машыгуудан өтүп жаткандыгына байланыштуу келе албагандыктан, сыйлык анын энеси Елена Шевченкого тапшырылды.

Төрага спорчулар өзүнүн талыкпаган эмгегинин арты менен дүйнөнүн ар кайсы бурчунда байрагыбызды бийикке көтөрүп, Кыргызстанды өз ийгиликтери менен таанытып жатканын белгиледи. Ошондой эле Шевченконун үй-бүлөсүнө жаңы жетишкендиктерди каалаган Төрага: “Валентина – биздин сыймыгыбыз. Сизге ушундай мыкты кыздарды тарбиялап, алардын татыктуу өсүшү үчүн жасаган эмгегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Алар биздин өлкөнү таанытып жатышат. Качан ал Кыргызстанга келгенде биз кубаныч менен тосуп алабыз”, – деди.

Белгилей кетсек, Валентина – Шевченколордун үй-бүлөөсүндөгү кичүү кыз. Ал 1988-жылы туулган. Машыктыруучусу Павел Федотовдун жетекчилиги менен беш жылдан бери мушкердик өнөрдө машыгып келет. Улуу кызы Антонина да мушкердик өнөр менен алектенет.

Валентина Шевченко UTF таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпион наамын 2002-жылы алган, ал эми 2003-жылы тай боксу боюнча чемпиондук курду тагынган. Ошондой эле ал “Аялдар арасында эң мыкты тай боксчу” наамынын ээси.

Ушул жылдын февраль айынын башында Бразилиянын Белен шаарында өткөн UFC FightNight 125 мушкердик таймашында жергиликтүү мушкер Присцилла Качоэйраны да жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!