ТИМ депутат Дамирбек Асылбек уулу жөнүндө эмне дейт?

17-Фев. 2018, Ишемби, 13:53

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки кыргызстандыктын кармалышы боюнча Казакстандан түшүндүрмө күтүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 16-февралда Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы консулу Ерлан Абишев чакырылган.

“Дипломатка Кыргызстандын эки жараны кармалганын тастыктоо же төгүндөө, ошондой эле тастыкталса ким экенин аныктап, эмненин негизинде кармалганы боюнча маалымат алуу үчүн ТИМдин нотасы тапшырылды. Казакстан тараптан маалымат күтүп жатабыз”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертке кетсек, Казакстандык айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзүлгөн ири операциянын жыйынтыгында 29 адам кармалган. Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген адамдар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!