Депутат Дамирбек Асылбек уулу жөнүндө фактылар

17-Фев. 2018, Ишемби, 14:38

Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалдыбы?- деп күндүн темасына айланып жаткан депутат тууралуу фактылар.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Дамирбек Асылбек уулу 1981-жылдын 3-февралында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында туулган.

1993-1998-жылдары Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган.

Жогорку билимдүү. 1998-2003-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин «Бухгалтердик эсеп»адистиги боюнча бүтүргөн.

2009-2011-жылдары КР Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер факультетинин «дүйнөлүк экономика» кафедрасында «Экономика чөйрөсүндө дипломат» адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолун 2000-жылы баштаган. 2000-2004-жылдары «АРМS» ЖЧКсынын башкаруучу директору.

2006-2008-жылдары «Sky-Mobile» ЖЧКсынын атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу.

2008-2009-жылдары «БиМаКом» ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси.

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.

2010-2015-жылдары «Альфа-Телеком» ЖАКында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор.

2015-жылы "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.

Депутаттын сыйлыктары жана спорттогу жетишкендиктери:

Жогорку Кеңештин 70-жылдыгы Юбилейлик медалы, Долон Омурзаков атындагы Ведомстволук сыйлык, Рамзан Кадыров атындагы медаль, Эл аралык «FILA» күрөш Федерациясы ордени менен сыйланган.

2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Күрөш федерациясынын Биринчи Вице-Президенти.

2013-жылдан ушул мезгилге чейин «AAWC» спорттук күрөшү боюнча Азия Кеңешинин Вице-Президенти болуп саналат.

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болуп эсептелет.

1997-1999-жылдары Кыргызстандын мыкты спортчусу болуп таанылган.

1997-жылы Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээлеп, мелдештин бронза сыйлыгына татыктуу болгон.

1998-жылы Бишкек шаарында өткөн спартакиаданын чемпиону болгон.

1999-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында утуп чыгып, Азия чемпиону болгон.

1999-жылы Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөн Орто Азия оюндарынын чемпиону болгон.

2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионатынын байгесин жеңип алган.

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыктуу болгон.

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде байгеге татыктуу болгон.

2006-жылы «Голден Гран При» турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган

Эскертке кетсек, Казакстандык айрым ЖМКлардын маалыматына караганда,
15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзүлгөн ири операциянын жыйынтыгында 29 адам кармалган. Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген адамдар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылган.

Бул окуя боюнча 16-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Кыргызстандагы консулу Ерлан Абишевди министрликке чакыртып, дипломатка Кыргызстандын эки жараны кармалганын тастыктоо же төгүндөө, ошондой эле тастыкталса ким экенин аныктап, эмненин негизинде кармалганы боюнча маалымат алуу үчүн ТИМдин нотасы тапшырылгандыгын жана Казакстан тараптан маалымат күтүп жаткандыгын аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!