ТИМ: Жогорку Кеңештин депутаты камалды

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:41

Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо үч адам кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Казакстанда кармалган төрт жарандын арасында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

“Эл өкүлү Казакстандын бажы ишмердигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча компетенттүү органдары аткарган атайын операциянын алкагында кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстандын ТИМи коңшу мамлекеттеги кесиптештеринен кармоонун чоо-жайы тууралуу расмий билдирме күтүүдө.

Эскерте кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары тарабынан контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзүлгөн ири операциянын жыйынтыгында 29 адам кармалган. Алардын арасында Кыргыз мамлекетинин төрт жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылган. Ал эми кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту атайын операциянын жүрүшүндө кармалган 29 адамдын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!