​Финансы полициясына зор көңүл бөлүнөт

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 14:56

Бүгүн, 19-февралда премьер-министр Сапар Исаков Финансы полициясынын органдарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ардагерлерине жана жеке курамына ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү ишти камсыздоонун өзгөчө манилүүлүгүн белгилеп кетти.

Сапар Исаковдун айтмында, акыркы жылдары өлкөнүн салык жана бажы тутумунда, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаларды баштоого мүмкүндүк берген алгылыктуу өзгөрүүлөр болду.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан мындан ары карай финансы полициясынын материалдык-техникалык базасын жана мотивациясын чыңжоого чоң көңүл бөлүнөт деп белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Андан тышкары финансы полициясынын жетекчилигине «Нива» үлгүсүндөгү алты автоунаага сертификат берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!