Бош орундар жармакеси өткөрүлөт

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:45

Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 2018-жылдын 20-февралында «Бош орундар жарманкеси» иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын «Легпром» жеӊил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын колдоосунда жеӊил өнөр жай технологиялар кафедрасынын демилгеси менен уюшулуп жатат.

Анда заманбап талаптагы буюмдар, кийимдер көргөзмөсү болот. Андан тышкары кыска убакытта көйнөк бычуунун сырлары жана башка мастер класстар өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!