Президент милициянын катарын тазалоону тапшырды

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:23

Бүгүн, 19-январда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, ал түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды.

Ал Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти.

Сооронбай Жээнбеков министр Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!