​Төрага бир туугандарды Бишкекке чакырды

20-Фев. 2018, Шейшемби, 11:00

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Султанбек кызы Мээримге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Дастанбек Жумабеков Султанбек кызы Мээримдин үйүнө барып, 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөткөн. Ал эми балдарына планшет жана оюнчуктарды белекке берген.

Ошондой эле Төрага жер тилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылган. Ал эми Изат менен Кубанычты медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырган.

“Качан күн жылыганда Бишкекке келгиле. Бардык тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз”, – деди Жумабеков.

Айта кетсек, Султанбек кызы Мээрим – беш баланын энеси. Он беш жаштагы уулу Изат менен он үч жаштагы уулу Кубанычбек оорунун айынан майып болуп калышкан. Бир туугандар өздөрү басып, мектепте окууну кыялданганы менен каржы жетишсиздигинин айынан дарылана албай келишет. Үй-бүлө жакыр турмушта, кичинекей ижарага алынган батирде турат. Алардын менчик үйлөрү жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!