Жээнбеков Баткендин жашоочулары менен жолугушту

20-Фев. 2018, Шейшемби, 16:20

Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Исфана шаарында Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды.

“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймакты өнүктүрүү керек, бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Ал бир жыл менен эле чектелбейт. Бул маселени мен дайыма көңүл борборунда кармайм. Аймактардын негизги маселеси бул – социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин такай көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Президент өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи.

“Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз”, - деди Президент жолугушуунун катышуучуларына кайрылып.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар коррупцияга каршы күрөшүү, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдой тургандыктарын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!