​Төрага Балыкчыдагы №20636 аскердик бөлүккө барды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 11:10

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы №20636 аскердик бөлүккө барып, анын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы аталган аскердик бөлүктүн бир имараты жаңыланган. Андан тышкары, келген меймандарды спорт залы, жуунучу жайы жана ашканасынын абалы менен да тааныштырышты. Бөлүктүн жетекчиси аскерлердин муктаждыктары тиешелүү деңгээлде каржыланып жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле Дастанбек Жумабеков бөлүктүн кызматкерлери жана аскерлер менен жолугушуп, аларды 23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

“Силердин күжүрмөн эмгегиңердин арты менен өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, балдардын күлкүсү жаңырууда. Биз үчүн ар бир аскер кымбат. Ага ылайык, жылдын бюджетин кароо учурунда, коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көтөрүү аракетин көрүүдөбүз. Коомчулук да өлкөбүздү бекем коргоп жатканыңыздарга ишенет. Азыркы учурда биздин армия дагы да адистештирилип, жакшырып калды. Мындан ары да өнүгө берет деген үмүттөмүн”, – деди Жумабеков.

Жолугушуунун соңунда аскердик бөлүккө эки телевизор, эки компьютер жана принтер белекке берди

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!