Депутат көзөмөл жоктугун сынга алды

1-Март 2018, Бейшемби, 13:30

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев тигилген көчөттөрдүн өнүп-өсүп жаткандыгы көзөмөлдөнбөй жатканын сынга алды.

Анын айтымында, жаз келген сайын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча демилге көтөрүлүп, жер-жерлерге ар кайсы бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. "Бирок анын баары өнүп кеткенде Кыргызстан токойго айланмак, бирок андай болбой жатат. Ошондуктан бул маселеге көңүл буруу керек",-деди депутат.

Андан сырткары, А.Карашев “Жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын күчүнө киришин 1-апрелге чейин узартылганын айтып, аткаруу бийлиги бул багытта эмне иштерди жасап жатканына кызыгып, бул мыйзам апрель айында кайра түйшүк жаратпашы керектигин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!