​“Кербен” аэропорту кайра ишке кирет

1-Март 2018, Бейшемби, 14:21

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Бул токтом долбоору боюнча депутат Алмазбек Эргешов баяндама жасап, оору-сыркоолорду Бишкекке алып келүү иштерден улам Аксы районуна авиа каттамды жандандыруу маселесинин зарылдыгын билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө Өзбекстан менен мамиле жашырып баратканын эске алганда 350 миң калкы бар Аксы менен чектеш жайгашкан Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары дагы уча тургандыгы айтылды. Демек, аэропорт өзүн өзү актайт.

Депутат Жанарбек Акаев элдин кызыкчылыгына багытталган токтом долбоорун колдоого алып, бул авиакаттамдын ачылышына “Авиатрафик” авиакмопаниясы дагы кызыкдар экенин тактады.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ички рейстерге учактардын жетишсизди көйгөй болуп жатканын, аэровокзал комплексин реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.

Жыйынтыгында аталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

Белгилей кетсек, 1979-жылы курулган бул аэропорт, СССР кулагандан кийин ишин токтоткон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!