Президент Башкы катчыга ыраазычылык билдирди

2-Март 2018, Жума, 11:16

«Биз ТҮРКСОЙ 2018-жылды улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганына ыраазычылык билдиребиз», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алуу учурунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Дюсен Касеиновду ТҮРКСОЙ Башкы катчысы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

“Быйыл ТҮРКСОЙдун 25 жылдыгы белгиленип жатат, буга байланыштуу уюмдун мааракеси менен куттуктайм. Сиз жетектеген ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жалпы бир тууган түрк элдеринин арасындагы руханий көпүрө катары көп иштерди аткарып жатканын жакшы билебиз. Кыргыз элинин маданиятын, рухий байлыгын дүйнөлүк аренага таанытууга, маданий байланышты чыӊдоого чоң салым коштуңуз. 2013-жыл Токтогул Сатылгановдун жылы, 2016-жыл Жусуп Баласагындын жылы, ал эми 2018-жыл улуу жазуучу, кыргыздын чыгаан уулу Чыӊгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды. Биз быйылкы жылы Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маанилүү иш-чараларды татыктуу өткөрүүгө бардык аракеттерди көрөбүз. Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин негизги иш-чарасы үстүбүздөгү жылы Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык форум болот», - деп белгиледи Президент.

Ал эми Дюсен Касеинов быйыл Айтматовдун жылына карата бүт дүйнө жүзү боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөрүн, ТҮРКСОЙ апрелдеАйтматовго арналган баштапкы иш-чара өткөрүүнү пландаштырып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы ТҮРКСОЙ мындан ары дагы түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыра берээрине ишенимин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!