​Коррупцияга каршы кызматка жетекчи дайындалды

7-Март 2018, Шаршемби, 11:11

Сагынбек Исмаилов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!