Президенттик аппаратты ким жетектеши мүмкүн?

7-Март 2018, Шаршемби, 19:01

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчылыгына өткөн жылдын 11-декабрында дайындаган. Бирок, өткөн жумада Фарид Ниязов бул кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл албагандыгын Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдаган. Ал эми кечээ, 6-мартта Ниязов бул кызматтан кетип, партиялык иштер менен алек боло турганын жар салса, ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Ниязовдун кызматтан кетиши боюнча оюн билдирди.

Анда өлкө башчысы Ниязовдун мамлекетчил, өлкөнү башкаруудагы мыкты менеджер экенин белгиледи. Ошондой эле президенттик шайлоодо өзүнүн штабын жетектегенин, ал убакыттан бери эс албай иштеп келгенин айтып, Ниязов чарчады деген ойдо бир жума өргүү бергенин белгиледи.

«Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Эгер кааласа өз эрки. «Кетем» деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар»,- деген оюн билдирген Жээнбеков журналистер менен болгон баарлашууда.

Ал эми «Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси ким болот?» деген суроо саясий айдыңында кызуу талкууланып, айрым талапкерлердин аттары атала баштады.

Бул боюнча саясий эксперт Бакыт Бакетаевда өз оюн «Zaman-Кыргызстан» маалымат агенттигине бөлүштү.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Анын айтымында, жогоруда аталган кызмат орунга татыктуу көп адамдар бар. Бүгүнкү күндө президенттик администрациясы түптөлүп, калыптанып калган. Ошондуктан бул кызматка кимди отургузса ал адам иштеп кетет. Бул кызматка депутаттардын, өкмөттүн жана президенттин айланасында жүргөн адамдардын арасында татыктуулары бар.

«Президент Сооронбай Жээнбеков бул кызматка кимди дайындайт? Президент өзүнө жакын, көптөн бери иштешип жүргөн, ага ишенген жана өз оюн айтырбай түшүнгөн адамды тандайт. Оппозицияда жүргөн саясатчылардан кимдир бирөөнү Президенттик аппараттын жетекчиси кылбайт, дайындабайт деп ойлойм. Балким, коомчулуктун арасында айтылып жаткандай эле азыркы Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаметкалый Абулгазиевда бул кызматка келиши толук мүмкүн. Анткени, мен бул киши жөнүндө негативдүү маалымат уга элекмин. Бирок, коомчулуктун арасында кадыр-барктуу саясатчылар кээде кызматсыз эле жүрүшөт»,- деди Бакетаев.

Ушундай эле пикирди дагы бир саясат талдоочу Марат Казакбаев карманат.

«Азыр Президенттик аппаратты ким жетектерин так айта албайбыз. Бирок, аталган кызмат чоң кызмат болгондуктан бул кызматка президент өзү дайындайт. Ошондуктан бул боюнча прогноз кылсак, Абулгазиевди болушу мүмкүн. Анткени, алар чогуу көп иштешкендиктен бири-бирин жакшы билишет. Ал эми Фарид Абилезимовичтин Президенттик аппараттын жетекчилигинен кеткендиги туура чечим болду. Себеби, саясий жана моралдык жактан. Анткени, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болуп жана Президенттик аппаратты жетектеп эки орунда отурган болбойт. Ошондуктан ал киши муну түшүнүп өзү кетти. Ал эми жаңы президент бийликке киришкенден кийин өзүнүн командасын түзүшү керек»,- дейт Казакбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!