Коопсуздук кеңешинин катчысы дайындалды

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:13

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Дамир Сагынбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!