Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорунан чыгат

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорунан чыгат
14-Март 2018, Шаршемби, 18:59

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тактап айтканда, милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгына: долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, атап айтканда, техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалышына жана сунушталышына байланыштуу эсептелет. ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан Өкмөттүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес.

Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», – деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда Өкмөт кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!