Шайлоо боюнча жарлыкка кол коюлду

23-Март 2018, Жума, 12:14

Президент Сооронбай Жээнбеков 2013-жылдын 22-майындагы «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты

Буга чейин Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ шайлоо системасы үчүн маанилүү бир катар укук ченемдик актыларды иштеп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган.

Жарлыктын жоболору менен жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөр киргизилген. Андан тышкары жумушчу топтун алдына жаңы милдеттер коюлган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!