​Жээнбеков Путинге көңүл айтты

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:50

Бүгүн, 26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге Кемерово шаарынын соода борборундагы өрттөн улам көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди

“Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам көп адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн кааларымды билдирип коюуңузду Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!