Окшошпой калган эстелик кайра жасалат

28-Март 2018, Шаршемби, 12:28

Бишкек шаарынын Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган СССРинин эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алынып салынып, ордуна башка орнотулат.

Бул тууралуу “Сүймөнкүл Чокморов” атындагы коомдук фонндун директору Сагынбек Абдрахманов govori.tv маалымат агенттигине билдирди. Буга чейин Сагынбек Абдрахманов Сүймөнкүл Чокморовдун эстелиги окшопой калгандыгы үчүн артисттин туугандарынан жана кыргыз элинен кечирим сураган. Эстеликти скульптор Алмаз Кожогулов жасаган. Алмаз Кожогулов жасаган эстелиги үчүн акчасын толук ала-албай жатканын айтып келет. Ал эми аталган фонддун директору Абрахманов эстелик окшошпой калганын, бирок буга карабастан эстеликкке чыгымдалган акчанын эсеп-кысабын көрсөтсө акчаны төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Угушума караганда мэр Албек Ибраимовдун дагы эстелик окшошпой калды деп нааразычылыгы бар экен. Эстелик эч кимге жаккан жок. Эми анын ордуна башка эстелик жасоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бекер жасап берем деген скульпторлор да чыгууда», - деди Сагынбек Абдрахманов.

Чокморовдун эстелиги өзүнө окшошпой калгандыгы үчүн көпчүлүктүн да нааразычылыгын жараткан.

Эске сала кетсек, Чокморовдун эстелиги 2017-жылдын 9-ноябрында ачылган. Эстеликтин ачылыш аземине өкмөт башчы Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!