«Первому игроку приготовиться» тасмасы тууралуу

29-Март 2018, Бейшемби, 17:19

Жазуучу-сценарист Эрнест Клайндын 2011-жылы чыккан романына негизделген фантастикалык боевик «Первому игроку приготовиться» («Ready Player One») деп аталат. Стивен Спилберг режиссер болгон картинанын окуясы келечекте, 2045-жылы орун алат.

Дүйнөдө экономикалык кризис өрчүүдө, ресурстардын глобалдык дефицити сезиле баштады. Ошентсе да, интернет жана оюн маданияты өзгөчө өнүгүүдө. Алардын бири - ОАЗИС деп аталган виртуалдуу дүйнө. Оюнду кураштырган Джеймс Хэллидей өлөрүнүнүн алдында оюндун ичине табышмактарды жашырып кетет. Ушул табышмакты таап, чечкен оюнчу анын миллиондогон байлыгына ээ болот. Мурасты талашкан адамдар менен компаниялардын салгылашуусу ушунтип башталды.

Башкы ролдо - Тай Шеридан. Анын дебюту Терренс Маликтин «Древо жизни» («The Tree of Life») фильминен башталган. Андан бери «Мад» («Mud»), «Джо» («Joe»), «Люди Икс: Апокалипсис» («X-Men: Apocalypse») сыяктуу башка дагы долбоорлордон көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!