Режиссерду өлтүрөбүз деп коркутушууда

4-Апр. 2018, Шаршемби, 13:57

Америкалык режиссер Райан Джонсон “Звездные войны” тасмасынын үстүндө иштеп жаткан маалда өлүм менен коркуутуулар болгонун айтты. Бул тууралуу “Standard” билдирет.

Ал билдиргендей күйөрмандар арасында тартышуулар пайда болду. Кээ бирөөлөрү эң начар лента деп аташып, эпизодду саганын канондук сюжетин таптакыр алып таштоону талап кылышууда.

Ошону менен бирге, алар баардык күнөөнү режиссердон көрүшүп, аны коркутушууда.

"Алгач мен корктум, андан кийин элдер мен сыймыктанган нерсеге жинденип жатышканын түшүндүм. Өлтүрөбүз деп коркутуу, үркүтүүлөр болуп жатты", -деди Джонсон өзүнүн берген интерьюсунда.

Белгилүү болгондой, сын-пикирлерге карабастан фильм прокатта 1,33 миллиард доллар тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!