"Мыкты фильм" деп кайсы тасма аталды?

5-Апр. 2018, Бейшемби, 16:32

“Esquire” журналынын эксперттери 2018-жылдын биринчи жарымындагы мыкты фильмдерди аташты. Көч башчыны актриса Натали Портман аткарган Александр Гарландтын “Аннигиляция” тасмасы деп таанышты. Анын бет ачары 23-февраль күнү болуп өттү.

“Аннигиляция” фильми фантастикалык драма болуп саналат жана анда аномалдуу аймакка барган окумуштуулардын экспедициясы тууралуу баяндалат.

Ал эми экинчи орунда Линн Рэмси жана Хоакин Феникс башкы ролдо аткарган “Тебя никогда здесь не было” аттуу тасма орун алды. Ал эми үчүнчү орунга Рассел Харбонун “Одна любовь за другой” картинасы илинди.

Мындан сырткары мыкты фильмдердин катарына “24 кадр”, “Бесконечность”, “Приключения Паддингтона 2”, “Милая страна”, “Черная пантера”, “Остров собак” жана “Ноябрь” тасмалары кирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!