"Мстители” алгачкы кассалык рекордун орнотту

2-Май 2018, Шаршемби, 14:44

"Мстители: Война бесконечности” фильми дүйнөнүн 43 өлкөсүндө көрсөтүлүп 95 миллион доллар киреше тапты.

"Marvel” студиясынын фантастикалык блокбастери “Мстители: Война бесконечности” бейшенби күнү Түндүк Америкада кечки көрсөтүүдө 39 млн. доллар тапкан. Бул кино тарыхында төртүнчү жана Марвел фильмдеринин абсолюттук рекордун жарата алды. Бул тууралуу “КорреспонденТ” сайты билдирет.

Ошентип, ал “Первый мститель: Гражданская война” (25 млн. доллар), “Черная пантера” (25,2 млн.доллар) жана “Мстители: Эра Альтрона” (27,6 млн. доллар) сыяктуу блокбастерлерди оозуп чыкты.

Ошондой эле бул картина дүйнөңүн 43 өлкосүндө көрсөтүлүп 95 млн.доллар киреше тапкан. Алдын ала маалымат боюнча, эки күндөн бери тартууланып жаткан Түштүк Кореяда эң чоң кассага ээ болду (11,4 млн. доллар).

Марвел фильмдеринин рекорддук көрсөткүчтөрү Улуу Британияда (8,9 миллион доллар), Бразилияда (4,8 миллион доллар) жана Германияда (3,2 миллион доллар) катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!