Актерго айланган футболисттер

Актерго айланган футболисттер
18-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 16:42

Камеранын алдында башка адамды ишенимдүү түрдө чагылдырып берүү, кээде «Алтын топту» алганга караганда кыйын. “KиноПоиск” сайты судьядан сары айып кагазын алып салууда жана башка бирөөнүн айбы үчүн штраф сураганда гана эмес, чыныгы актерлук жөндөмүн көрсөтө алган он футболчуну тандады.

Эрик Кантон

«Мен адам эмесмин, мен- Кантонамын». «Олд Траффорд» стенддеринде күйөрманынын бутуна сүрүлүп барган аңызга айланган француз регби оюнчусу («Любовь в лугах» комедиясы, 1995 ж.). Эрик футболдук карьерасы аяктагандан кийин толугу менен кино тармагына өтүп кеткен.

Винни Джонс

Эки метр бою бар бул футболист менен баары эле топ талаша беришчү эмес. Ал 80-жылдары Англия кубогунда «Уимблдондо» ал өзүнүн атаандаштары менен оюн талаасында катуу оюн көрсөткөн. Ал эми стадиондон сырткары ага биринчилерден болуп Гай Риччи өзүнүн режиссерлык эң алгачкы ишине “Карты, деньги, два ствола” чакырган. Ал эми Риччинин кийинки фильми үчүн (Большой куш) киноакадемиктер Джонско “Оскар” сыйлыгына номинант кылышкан. Мындай даража менен башка футболисттер сыймыктана алышпайт.

Джордж Бест

«Манчестер Юнайтед» клубунун жылдызы, «бешинчи битл» жана эң мыкты футболист, дүйнөлүк чемпионаттарда бир да жолу ойнобогон Джордж Бест «Перси» (1971) британ комедиясында тартылган.

Дэвид Бекхэм

Англия курама командасынын капитаны, Викториянын жубайы жана Гай Ричинин досу чоң киного барууга анча деле аракет кылган эмес. Ага 90-жылдардан бери тартылып келе жаткан жарнамалык роликтер жетиштүү болгон. Бекхэм эпизоддук ролдору «Агентах А.Н.К.Л.», «Мече короля Артура» жана «Гол» фильминин үч бөлүгүндө тартылган. Кызыктуусу Дэвид өзүнүн жыш жана катаал графигинин арасынан «Играй, как Бекхэм» картинасына убакыт таба алган эмес, жыйынтыгында ал фильм ансызтартылган.

Пеле

Баардык убакыттын мыкты оюнчусу концлагердеги футбол матчы тууралуу Джон Хьюстондун “Победа” атуу драммасында роль жараткан. Бирок Бобби Мур, Освальдо Ардилес жана башка белгилүү чеберлердин жардамы менен ал канадалык голлкипер ойногон Сильвестр Сталлонени жеңе албады. Эпизоддордун биринде Майкл Кэй керек болсо бразилиялыкты ойноонун тактикасын үйрөтүүгө да аракет кылган. Бирок бул дебют Эдсон Арантес ду Насиментуга бир нече фильмдерде ойноого жолтоо боло алган эмес.

Неймар

Пеленин ордун басып калчу жана азыркы күндө дүйнөдөгү эң кымбат футболист чоң экранда «Три икса: Мировое господство» атуу фильмде эки жыл мурун жарк этип чыккан.

Стэн Коллимор

«Астон Вилланын» чабуулчусу экинчи «Основной инстинкт» фильминин жарык көрүшүнө чейин жашаган жок. Жана ал таң калыштуу эмес. Эгер Шэрон Стоундун өзү менен аткарган болсо. Бирок, кайгырбаңыз ал тирүү жана ден-соолугу жакшы, керек болсо «Россия Today» программасында өзүнүн туруктуу долбоорун алып барат.

Йэн Райт

«Арсеналдын» форварды Йэн Райт Улуу Британия жана Румыниянын биргелешкен «Пистолет из черного солнца» фильминде аткарган.

Алли МакКойст

16 сезон «Рейнджерсте» ойногон оюнчу «Селтика» атуу чоң картинадан рол алган.


Зинедин Зидан

«Золотой мяч» жана Лига чемпионунда үч кубокту алган, ошону менен бирге «Реалдын» машыктыруучусу — мунун баары улуттук «Золотая малина» сыйлыгынын жанында көрүнбөй деле калат чыгаар. Ал «Астерикс на Олимпийских играх» атуу картинада илгерки мысырлыктардын кийимин кийип рол жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!