Жылдын мыкты фильми белгилүү болду

Жылдын мыкты фильми белгилүү болду
20-Июнь 2018, Шаршемби, 13:51

“Черная пантера” фильми “MTV Movie Awards”тун тандоосу боюнча жылдын мыкты фильми деп тандалды. Бул тууралуу “CNN” каналы билдирет.

Ал менен бирге бул номинацияда “Мстители: Война бесконечности”, “Чудо-женщина”, “Оно и Улетные девочки” картиналары да ат салышкан.

"Фильм "кара адамдар" тууралуу гана эмес – ал универсадуу, ал баардыгы үчүн. Муну мен баарына жеткиргим келет", - деп белгилеп кетти актер Майкл Б. Джондан сыйлык тапшыруу аземинде.

Ал эми “Мыкты сериал” категорясында телевизиондук шоу “Очень странные дела” утушка ээ болду. Ал “Игра престолов”, “Ривердейл” жана “13 причин почему” тасмаларынан оозуп чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!