Хидлстон каарман тууралуу: Локи өлдү

 Хидлстон каарман тууралуу: Локи өлдү
27-Июнь 2018, Шаршемби, 12:17

"Актер Том Хидлстон, Эрик Килмонгер ""Marvel”дин эң мыкты терс каарманы" деп атаган Локинин тагдыры чечилгенин кабарлады. Бул тууралуу актер Сиетлдеги “ACE Comic Con” иш-чарасынын учурунда айтты",- деп маалымдайт “CBR” булагына шилтеме берип "Сегодня" сайты.

Кээ бир каармандар тууралуу «Мстители 4» фильмине калуусу керек деп маалымат тараганына карабастан, актер «Войне бесконечности» тасмасында Локинин келүүсү акыркы болгонун билдирди. Төртүнчү фильмде каарман пайда болбойт, ал өлтүрүлгөн.

“Мен бул сюжет тууралуу эки жыл мурун билгем. Мен “Marvel”дин өкүлдөрү менен "Рагнарек" боюнча кездешкем. Кийин Руссо ага-ини кирип "Войне бесконечности" тууралуу айтып беришти. "Рагнарек" фильминин тартуу иштери башталганда, мен өз каарманымдын тагдыры тууралуу аягына чейин билгем. Фильмдин аягында Локи кайрандан Тордун иниси болуп калат, ошондуктан "Войне бесконечности" тартылып жатканда Локинин бардык жашоосун баса белгилеп өткөн. Бул керемет болду", – деди Том Хиддлстон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР