ДиКаприо менен Питти тааный алдыңыздарбы?

ДиКаприо менен Питти тааный алдыңыздарбы?
29-Июнь 2018, Жума, 10:18

Буга чейин Квентин Тарантино чыгармачылыгында дагы бир жаңы фильм пайда болоору тууралуу маалымдадык эле. Кийин ал картинанын тартуу иштерине Леонардо ДиКаприо, Бред Питт жана Аль Пачинонун катышаары да кабарланган. Ал эми кечээ фильмдин актерлору өздөрүнүн каармандарынын алгачкы сүрөттөрүн жарыялашты.

Бул кадрда Леонардо ДиКаприо менен Бред Питт Тарантино кинолорунун каармандарына төп келген стилде кийинишкен. Бул сүрөттөр жарыялангандан кийин "Илгери-илгери Голливудда" фильмине деген кызыгуучулук мурункудан да арта туштү.

Кинодогу постмодернизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүңүн бири Тарантинонун көпчүлүк ашыга күткөн фильмине “Paramount”, “Sony” жана “Warner Bros” сыяктуу киностудиялар талашка түшүшкөн экен.

Картинанын сюжети аты алыска таанымал маньяк Чарльз Мэнсондун 1969-жылы элди чууланткан кылмышынын негизинде жазылган. Мэнсон — америкалык киши өлтүргүч, музыкант, "Үй-бүлөлүк" кылмыштын коммунасынын башчысы. 1969-жылы алар белгилүү режиссер Роман Поланскинин кош бойлуу жубайы, белгилүү актриса Шэрон Тейтти курсактагы 8 айлык баласы менен кошо кыйнап өлтүргөн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Тарантино сценарийди ушундан 5 ай мурун жазып бүтүргөн. Эми тартуу иштерине керектүү 100 миллион долларды жогоруда аталган киностудиянын бири берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!