Бир долларга сатылган “Бугимен”

Бир долларга сатылган “Бугимен”
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:17

Бугимен - Стивен Кинг кинематографистерге бир долларга саткан окуялардын бири. Чыккандан бери окуя бир нече жолу экранизацияланган.

Сценаристер Брайан Вудс жана Скотт Бек, Стивен Кингдин Бугимен аңгемесин чоң экрандарга алып чыгууну көздөшүүдө. «Empire» басылмасы билдиргендей, "20th Century Fox” студиясы менен "Шона Леви 21 Laps” продюсердик компаниясы жаңы фильмдин үстүндө иш алып бармакчы.

Режиссер, актердук состав, проектин чыккан күнү тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз.

Бул окуя биринчи жолуу 1973-жылдын март айында “Cavalier” журналына басылып чыккан. Ал эми 1978-жылы “Ночная смена” аттуу аңгемелер топтомунун ичине кирген.

Окуянын башкы каарманы Лестер Биллингс аттуу адам, ал балдар бөлмөсүнүн шкафында коркунучтуу нерсе жашайт жана ал балдарын өлтүрүүгө аракет кылууда. Кайсы бир убакта Биллингс өзүнүн психикалык абалынан күмөн санап баштайт жана психиатрга көрүнүүгө барат. Бирок кечкисин баягы коркунучтуу окуя кайталана берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!