"Мстители"нин акыркы бөлүгү белгилүү болду

3-Июль 2018, Шейшемби, 10:35

Келечектеги фильмдин оператору жобонун атын жеке сайтына капыстан жарыялап алды.

“Марвел” студиясынын фильминин оператору Трент Опалоктун өзүнүн жеке веб-сайтында тартуу иштери боюнча жоболордун жаңыртылган тизмеси жарыяланды. Анын арты менен күйөрмандар жаңы фильмдин аталышын билүүгө жетишти.

Трент жарыялаган маалыматка ишенсек, келечектеги боевик "End Game” аттуу кириш сөзгө ээ болот. Фразанын бир нече котормосу бар: «оюндун соңу», «акыркы кезек», «чечүүчү көз ирмем» жана кооз шахмат термини - «эндшпиль».

“Marvel” студиясы жарыяланган маалымат боюнча түшүндүрмө бере элек. Тасма тууралуу маалыматты журналисттер тапкандан кийин, Опалок кабарды алып, жөн гана «Мстители-4» деген аталышты калтырган.

Эскерте кетсек, фильм 2019-жылы 2-майда прокатка чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!