«Ты водишь!» комедиясын көрдүңүзбү?

«Ты водишь!» комедиясын көрдүңүзбү?
4-Июль 2018, Шаршемби, 17:13

«Ты водишь!» – окуясы жашоодон алынган америкалык комедия. Башкы ролдордо Джереми Реннер, Лесли Бибб, Джон Хэмм, Айла Фишер, Эд Хелмс, Рашида Джонс, Хэннибал Бёресс, Аннабель Уоллис жана Джейк Джонсон аткарат.

Беш киши биринчи класстан бери дос жана жаш курагына карабастан алар дагы деле кубалашмай ойношот. Бул оюн керек болсо алардын жыл сайын өтүүчү салттуу оюнуна айланган. Бул жолу алардын арасынан бирөө үйлөнүп, "Тэг" оюну ошол салтка шайкеш келип калат. Бир кызыгы – үй-бүлө куруп жаткан досу бир да жолу жеңилип көргөн эмес. Бул жолу да анын жолу болобу?


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР