«Убийца 2. Против всех» кайрадан кинотеатрларда

«Убийца 2. Против всех» кайрадан кинотеатрларда
6-Июль 2018, Жума, 12:39

«Убийца 2. Против всех» – Дени Вильневтин 2015-жылкы «Сикарио» триллеринин сиквели. Экинчи бөлүмдө Эмили Блант жок, бирок жаңыдан кошулган Джош Бролин бар. Ошондой эле, биринчи фильмден Бенисио Дель Торо тартылган. Жалпы «Сикарио 2» жаңы трилогиянын башы болот деген имиш да бар.

Сюжет боюнча наркокартелдер АКШга террористер жибере баштагандан кийин Америка-Мексика чек арасындагы жагдай кыйындай баштайт. Аларга бек туруш үчүн Мэтт Грейвер аттуу федералдык агент өтө ишенимдүү эмес шериктеш – Алехандро менен биригүүгө мажбур болот.

Андан ары окуя кандай өөрчүйт кинотеарлардан көрө алсыздар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!